11 журналисттин иши: Сот отуруму кийинки жумага жылдырылды

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 3-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум кийинки жумага, 10-октябрга жылдырылды.

Бул тууралуу сот отурумуна барган «ПолитКлиниканын» журналисттери билдирди.

Сот отурумунун жүрүшүндө маалым болгондой, бир катар айыпталуучулар соңку сөздөрүн айта башташкан. Тогуз журналист соттогу соңку сөзүн сүйлөштү. Бирок дагы экөөнө соңку сөзгө убакыт жетпей калды. Сот отуруму аягына чыкпай, кийинки жумага, 10-октябрга жылдырылды.

11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүп жаткан бөлмөдө орун жок деген шылтоо менен соттук отурумду чагылдырууга барган бир катар журналисттерди киргизбей коюшту.

26-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда камактагы төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар кайрадан камакта калтырылды.

Сотто мамлекеттик айыптоочу 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануусу каралган. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну канаттандырган эмес. Төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»Политклиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты