11 журналисттин иши: Мамлекеттик айыптоочу журналисттерди 6 жылдан абакка кесүүнү суранды

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 26-сентябрда Ленин райондук сотунда жапырт кармалган 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Сотто тараптар жарыш сөзгө өтүштү. Бул тууралуу соттук отурумга катышып жаткан «Политклиниканын» кабарчысы билдирди.

Сотто мамлекеттик айыптоочу 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган. Сотко көз карандысыз эксперт Нуржан Нарынбаева келген эмес, ал бүгүнкү сотто көрсөтмө бермек.

Эске сала кетсек, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануусу каралган. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну канаттандырган эмес. Төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылган.

1-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча камакта отурган төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар камакта 2-октябрга чейин калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: Бектур Оргунбаев/»Политклиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты