11 журналисттин иши: Эксперт бир видеодо массалык башаламандыкка чакырык бар экенин айтты

  • 7 дней мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумда журналисттерге коюлуп жаткан кылмыш иши боюнча эксперттерди суроо улантылууда.

Бул тууралуу сот процессине катышып жаткан «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди.

Бүгүнкү отурумда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Жанышбек уулу Азамат мурдагы процесстерге келбегенине байланыштуу, сот аткаруучулар тарабынан күч менен Ысык-Көлдөн алынып келинди.

Эксперт Азамат Жанышбек уулу сотто сурак берип жатып, 16 видеотасма экспертизага берилгенин, анын ичинде бир видеодо “Массалык башаламандыкка” чакырык бар экенин жана ал видеодо Махабат Тажыбек кызы болгонун айтты.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануусу каралды. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну канаттандырган жок. Төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылды.

1-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча камакта отурган төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар камакта 2-октябрга чейин калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: 12-сентябрь, 2024-жыл. Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты