1-октябрдан тартып электр энергия үчүн төлөнгөн компенсация жоюлат

  • 2 недели мурун

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйөт, бирок пенсионерлерге электр энергиясы үчүн төлөнүп келген компенсация жокко чыгарылат.

Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим президенттин 28-июндагы пенсияларды индексациялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык кабыл алынган.

«Бул жарлык менен 2008-жылдан тартып ошол кезде актуалдуу болгон электр энергиясы үчүн компенсация төлөө боюнча президенттин жарлыктары 1-октябрдан тарта күчүн жоготту» деп түшүндүрдү Мукамбетов.

Социалдык фонддун өкүлү бул төлөм пенсиянын өлчөмүнө жараша жүргүзүлгөнүн айтты. Алсак, 2008-жылдан бери пенсиясы 2000 сомдон ашпаган, 2009-жылдан бери пенсиясы 4000 сомдон ашпагандар компенсация алышкан.

«Бул компенсациялардын бардыгы 1-октябрдан баштап толугу менен жокко чыгарылат. Ошондуктан пенсияны кайра эсептөөдө биз алгач пенсиянын өлчөмүнө жараша 200 сомдон 312 сомго чейинки бул компенсацияларды алып салабыз» деп кошумчалады ал.

Мукамбетовдун айтымында, Кыргызстанда ушул тапта 785 миң пенсионер бар.

1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң аз пенсия 6900 сом болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-августта кол койгон.


Ага ылайык, Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан тартып 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты