​Баткен: 11 айыл жабыркады, 20 500 адам эвакуацияланды, бир айыл толук өрттөлдү

Жаңылыктар

29 - апрель күнү, 30уна караган түнү Тажикстандын аскерлери жана

жашоочулары тарабынан Баткен облусуна адам өлүмүнөн тышкары, материалдык дагы

онбогондой чыгым келтирилди.


«Азаттыктын» Баткендеги кабарчысынын кабарлаганына караганда

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай

айылдары, Лейлек районундагы Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат

айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17

үй күйүп кетти. Ошондой эле 5 чек ара тозоту жабыркады. Борбордук айылындагы

май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.


Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардан 13, 5 мин, Баткен

районунан 7 мин тургун эвакуацияланды.


Фото интернеттен алынды