​Саясий санжыра: Суракматов менен Эльвира Сурабалдиева жакын тууган. Курмантай Абдиевдин кандай тиешеси бар?

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева, ЖКнын V чакырылышынын депутаты Жаныш Кудайбергенов үчөө жакын тууган.

Азиз Суракматовдун атасы, Жаныш Кудайбергеновдун атасы жана Эльвира Сурабалдиеванын чоң атасы бир туугандар.

Депутат Эльвира Сурабалдиеванын өзүнөн бул маалыматты сурайлы деп байланышсак, ал буга жооп берүүдөн баш тартты.

“Аны интернеттен карасаңыз, бул боюнча так жана конкреттүү түрдө жооп бергем. “ПолитКлиника” кимдин гезити болот? Туугандарымды издегенден башка кылаарга ишиңер жокпу? Депутаттардын аркасынан чукулап ишмердүүлүгүн эмес, трайбализмди жайылтып жатасыңар”,-дейт Сурабалдиева.

Сурабалдиева менен Суракматовдун тууганы Жаныш Кудайбергенов болсо ЖКнын V чакырылышынын депутаты Курмантай Абдиевдин күйөө баласы.

Ал эми Курмантай Абдиев болсо учурда массалык маалымат каражаттарында Президент Сооронбай Жээнбековдорго таасири бар адам катары сүрөттөлүп келет.

“Жаныш Кудайбергенов күйөө балам экени чын. Улуу кызымдын жолдошу болот. Азиз Суракматов кудам, булардын аталары бир тууган” дейт Абдиев.

Абдиевдин Жээнбековдор менен кандай байланышы бар экенин билүүгө аракет кылганыбызда, экөө тең Кара-Кулжадан, анан дагы Теңизбай деген уруудан болуп чыкты

«Президент Сооронбай Жээнбеков менен уруубуз бир экени чын. Теңизбайдын балдарыбыз, Бий-Мырза деген бир айылдан болобуз. Азыр эч кандай мамилебиз жок деп айта алам. Буга чейин жолугушуп, учурашып калчу элек. Азыр ал жолгушуу жок да. Асылбек Жээнбеков менен бир чакырылышта депутат болдук эле. Азыр байланышыбыз деле жок. Гезит беттеринен «серый кардинал» деп жазгандарын окуп алып, күлкүм келет. Жок нерселерди эле жаза беришет. Бир айылдан экенибизди, бир уруунун балдары экенибизди танбайм. Анткени, чындыгында эле ошондой да, анын эмнесин жашырам. Эң улуу байкеси, раматылык болуп кетти, Кантөрө Жээнбеков менен жакшы катташчубуз. Себеби, жашыбыз дагы тең эле. Ал эми бул балдардын кантип чоңойгонун деле билбейм» деп жооп берди Курмантай Абдиев.

ПолитКлиника медиасы мындан ары саясий санжыра түзмөй болду. Бул саясатта, мамлекеттик башкарууда жүргөндөрдүн туугандык байланышын аныктоо максатында гана ачылган рубрика. Сиз дагы Кыргызстандын саясатында төбөсү көрүнгөн инсандардын туугандык, кудалык, өкүл ата-өкүл бала мамилесин билсеңиз WhatsApp’ка +996773778957 кабарлап койсоңуз, биз аны тактап туруп жазып чыгабыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты