#Детектор: “Батышчыл”, “бузуку” терминдери кайдан чыккан?
- 2 года мурун
- Аналитика
Кемпир-Абад жана Гугл Карта чыры
13-апрелде Фейсбукта бир катар активист жана журналисттер Кемпир-Абад суу сактагычы Гугл Картада Өзбекстандын аймагына карап калганы тууралуу жазып чыгышты.
Андан көп өтпөй, ошол эле Фейсбуктун башка колдонуучулары “Гугл” компаниясы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып, бул маселени кайрадан “бузуку НПОчулар” көтөрүп чыгышканын жазышты. Алтургай айрым аккаунттар Кемпир-Абад боюнча чек ара тилкелерин Гугл Картада укук коргоочу Чолпон Жакупованын буюртмасы жана “Батыштын бузуку уюмдарынын” жардамы менен өзгөртүшкөнүн дагы айтып чыгышты.
Мындай окшош билдирүүлөр Фейсбуктагы түрдүү тайпаларда жапырт таратылып, социалдык тармакта Кемпир-Абад маселесин көтөргөн активист жана журналисттерге карата терс маанай жаратуу аракети болду.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюп, ратификациялаган.
Андан соң президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген.
Түзүлгөн макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4957 гектар жер жана буга кошумча суу тосмосун коргоо үчүн 19,5 гектар жер тилкеси Өзбекстанга өткөрүлдү.
Ал эми Кыргызстанга мурда берилбей калган 1019 гектар жайыт жер жана суу сактагычтын сол жээги аркылуу курулбай калган суу каналы үчүн кенемте катары жалпы аянты 12 849 гектар Гавасай тилкеси өткөрүлүп берилди.
Жыйынтыгында, Кыргызстанга мурда кенемте катары берилген жер тилкесин кошкондо жалпы 19 миң гектардан ашуун жер өттү.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүшүнө каршы пикирин билдирген бир катар активист жана саясатчы камакка алынып, сегиз айдан бери тергөө абагында отурушат. Алардын айрымдары гана ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Эми Гугл Карта чырына кайтып келсек. Гугл Карта тиркемесин ачып, Кемпир-Абад суу сактагычын издей турган болсок, суу сактагыч Өзбекстандын аймагына киргизилгенин көрүүгө болот.
Googleдын техникалык жардам бөлүмүндө эгер эки өлкөнүн ортосундагы чек ара такталган болсо, картада бөлүнбөгөн боз сызык менен белгиленери жазылган. Сүрөттө көрүнүп тургандай, Кемпир-Абад суу сактагычы боз сызык менен ишенимдүү түрдө Өзбекстандын аймагына караштуу экени көрсөтүлгөн.
Бул фактыны жазып чыккан активист жана журналисттерди социалдык тармактарда “бузуку НПОчу”, “батышчыл” деген клеймо менен каралоо аракети болду. Эми бул түшүнүктөрдүн качан, кантип пайда болгонун карап көрөлү.
“Батышчыл”, “бузуку” түшүнүктөрү жана Райымбек Матраимов
“Батышчыл”, “бузуку” түшүнүктөрү алгач социалдык тармактарда 2019-жылы “Азаттык” радиосу, Kloop медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасын ашкерелеген иликтөөсүнөн кийин активдүү пайда боло баштаган.
Иликтөөдө Райымбек Матраимовдун тиешеси бар делген коррупциялык схеманын аркасы менен Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат сыртка чыгарылып кеткени айтылган.
Бул иликтөө коомчулукта чоң резонанс жаратып, бир катар нааразычылык акциялары өткөн. Андан кийин да иликтөөлөрдүн сериясы чыгып, Райымбек Матраимовдун миллиондогон долларлык мүлкү, жубайынын жана үй-бүлөсүнүн кирешелери тууралуу иликтенген.
2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовду жемкорлукка айыптап кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында көмүскө киреше алып келүүчү коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга жана 2 миллиард сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин айткан соң үй камагына чыгарылган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Матраимов күнөөлүү экенин сотто өзү мойнуна алган. Мамлекетке келтирилген чыгым катары 1,4 миллард сомду акчалай түрдө, 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк түрүндө мамлекеттин бюджетине өткөрүп берип жазадан кутулган.
Матраимовго байланышкан коррупциялык иштер ашкереленген иликтөөлөрдөн кийин Фейсбук социалдык тармагында “Райымбек Матраимовду колдоо” топтору активдүү түзүлүп, иликтөөнү жасаган “Азаттык” жана “Клооп” медиаларына каршы системалуу каралоо башталган.
Дал ушул тайпанын активдүү өкүлдөрү 2021-жылы “Азаттык медиа жабылсын” деген аталыштагы топту да негиздешкен. Анда “Азаттык эл душманы”, “ЛГБТнын колдоочулары” деген өңдүү терс пикирлер байма-бай бөлүшүлө баштаган.
U
2022-жылдан тарта Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларга каршы митингдер дагы өтө баштады.
Мурда соцтармактарда жайылып келген “Азаттык элдин душманы”, “Азаттык, Клооп Батыштын кулдары”, эл бузарлар” деген сыяктуу чакырыктар эми митингдерде дагы айтыла баштады.
Мисалы, ушул жылдын 1-февралында Бишкек шаарындагы Горький паркында 30га жакын адам бейөкмөт уюмдарга каршы митингге чыгышкан. Митингчилер “чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамды кабыл алууну,“Азаттык”, “Клооп” медиаларын жана “Сорос-Кыргызстан” сыяктуу бейөкмөт уюмдарды жабууну талап кылышкан.
Мындан сырткары, 2022-жылдын 9-февралында Kaktus Media’га каршы митинг өткөн.
Митингдин уюштуруучулары да Кыргызстандагы коррупциянын символуна айланган Райымбек Матраимовдун колдоочулары болгон. Алардын бири Илимбек Исраилов. Ал буга чейин Матраимовду колдогон бир канча митингде жүргөн. Дал ушул митингдерде жана Фейсбуктагы баракчасында да “Азаттык жабылсын!”, “Бузукулар” деген өңдүү ойлору менен да бөлүшүп турат.
Бул митингдерде айтылган сөздөрдү анализдеп көргөндө акыркы 2-3 жыл ичинде көз карандысыз медиаларга каршы манипуляциянын төмөндөгү ыкмалары колдонулган:
- “Негативдүү образ түзүү”(душман жаратуу) — бир топко каршы негативдүү сөздөрдү, мисалы, “бузуку”, “батыштын агенти” деген өңдүү сөздөр айтылып, образ түрүндө “душман” көрсөтүү аракети болот. Бул сөздөр эмоционалдуу боёктор менен айтылгандыктан көпчүлүгү далилдин бар же жок экенине көңүл бурбайт. Ошондуктан манипуляциянын бул түрү манипуляторлордун душманына каршы терс пикир жаратуу үчүн кеңири колдонулат.
- “Ярлык илүү” — Бир топко каршы негативдүү образ түзгөндөн кийин ошол топту ассоциация кылуучу сөздөр айтылат. Мисалы “ЛГБТ өкүлдөрү”, “Жалганчылар”, “Гейлер” деген өңдүү калк арасында терс кабыл алынган белгилер аркылуу негативдүү образ дагы да күчөтүлөт. Бул көп учурда сынга кабылган топтун чыныгы өзгөчөлүктөрүнө эмес, жалпылап терс мүнөздөмө берилет.
- “Жек көрүүгө үндөө” (каралоо) — коомдо бир адам же топ тууралуу негативдүү образ түзүлө баштаганда манипулятор каршы топту жек көрүүгө үндөйт. Ал “жек көрүү” көпчүлүк учурда келечекте болуучу коркунучтар менен байланыштырылат. Мисалы, “Азаттык кыргыздын баалуулуктарын жок кылат”, “Гей, лесбиянкалардын өлкөсүнө айланабыз” деген сындуу көпчүлүккө өөн учураган жана кабыл албай турган сөздөр менен жек көрүүгө түртөт.
Мындай сөздөр адамдардын эң сезимтал баалуулуктарына каршы келгени үчүн манипулятор сөзүн далилдегенге да далалат кылбайт. Анткени жаратылган негативдүү образдын аркасы менен манипулятор максатына жетет.
“ИМПО”, “ЭНПО”, “МПО” Бейөкмөт уюмдар тууралуу түзүлгөн негативдүү образ
Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар менен бирге акыркы убактарда бейөкмөт уюмдарга каршы да системалуу түрдө негативдүү маанай жаратуу аракети бар.
Бул каралоолор көпчүлүк учурда өлкөнүн бюджетинен каржыланган мамлекеттик каналдар аркылуу жүргүзүлүүдө.
Мисалы, 13-декабрда ЭлТР телеканалында Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын абактагы мөөнөтүнүн узартылганы тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Анда өзүн “саясат таануучу” деп атаган Актан Ажымамбетов “бейөкмөт уюм” (НПО) түшүнүгүн чечмелеп берген.
“НПО кыргызчасы – бейөкмөт. А “бей” деген сөз “жок” деген сөз. Кыргызда “беймаал”, “бейбаш”, “бейубак” дейт го, “бей” деген “жок” деген сөз. А “бейөкмөт” деген “башы жок, ээнбаш” деген эле сөз”, – деген “саясат таануучу”.
Чынында, бейөкмөт уюм адатта өкмөттөн көз карандысыз иштеген топту сүрөттөйт. Бул термин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 1945-жылы мамлекеттик органдар менен жеке жактарды айырмалоо үчүн иштелип чыккан. Бейөкмөт уюмдар, адатта, белгилүү бир миссиясы же кызматы бар жеке адамдар тарабынан түзүлөт жана алар өздөрүнүн платформасын коммерциялык эмес сектордогу кызыкчылыктарды коргоо үчүн колдонушат. Дүйнөлүк банк бейөкмөт уюмдарды «азапты жеңилдеткен, жакырлардын кызыкчылыгын, айлана-чөйрөнү коргогон, негизги социалдык кызматтарды көрсөткөн же коомчулукту өнүктүрүүчү ишмердүүлүк менен алектенген жеке уюмдар» деп мүнөздөйт.
Бейөкмөт уюмдар бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча иш алып барышат.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү 1990-жылдан кийин активдүү башталган. Жаңы көз карандысыздыкка ээ болгон Кыргызстан үчүн либералдуу коомчулук түзүү жана калктын социалдык турмушун жакшыртуу максатында гуманитардык жана социалдык уюмдар ишмердүүлүгүн жүргүзүп башташкан.
Азия өнүктүрүү банкынын 2011-жылдагы докладына ылайык, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 43%га жакыны жакырчылык менен күрөшүү, 42%га жакыны адам укуктары жана 17,1%ы гендердик маселелер жана башка багыттар боюнча иш алып барышат.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү болсо ар бир президенттин учурунда сынга алынып, аларга “саясатка кийлигишти” деген айып тагылып келген. Мисалы, туңгуч президент Аскар Акаев бийлигинин кулашына себеп болгон “Жоогазын революциясын” бейөкмөт уюмдар жасады деп эсептеген.
Бирок тарыхта белгилүү болгондой туңгуч президент Аскар Акаевдин бийлигинин кулашына Баш мыйзамды одоно түрдө өзүнө карата ылайыкташтырып, бийликти узурпациялоого аракет кылганы жана кландык башкарууга өткөргөнү себеп болгон.
Андан кийин Курманбек Бакиевдин тушунда да кландык башкаруу жана бийликти кыянаттык менен пайдалануу фактылары болгону жашыруун эмес. Дал ушул учурда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өлкөдө кабыл алынып жаткан мыйзамдар боюнча тынчсыздануусун билдирген билдирүүлөрдү жасап турушкан.
Бул өз учурунда “диктатордук бийлик” орноткусу келген президенттерге жаккан эмес.
Бейөкмөт уюмдарга карата негативдүү образ түзүү Кыргызстанда 2013-2014-жылдары байкалаарлык күчөй баштаган.
Ошол убакта парламенттин депутаты болуп турган жана азыр бейөкмөт уюмдарга каршы митингдерди уюштуруп жүргөн Турсунбай Бакир уулу жана башка депутаттар “Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунушташкан.
Бул Орусияда 2012-жылы башталган бейөкмөт уюмдарга байланыштуу негативдүү маанай жана кабыл алынган мыйзамдар катаалдашкан учурга туура келет. Анткени 2011-жылы Орусияда өткөн шайлоо бир катар мыйзам бузуу жана жыйынтыктарды фальсификация кылуу менен коштолуп, бир катар бейөкмөт уюмдар буга тынчсыздануусун билдиришкен. Алар эгер Орусия бул шайлоонун жыйынтыктарын тааный турган болсо, Орусияда плюрализм жоголуп “диктатордук режим орношу мүмкүн” деген тынчсыздануусун билдиришкен.
Ушул окуядан кийин Мамлекеттик Думанын бейөкмөт уюмдарга болгон мамилеси кескин өзгөрүп, бир катар катаал мыйзамдар кабыл алына баштаган.
Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдардын көчүрмөлөрү Кыргызстанда да сунуштала баштаган.
“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун автору Турсунбай Бакир уулу өзү да бул мыйзам Орусиядан алынганын айткан.
Ушул жылдардан баштап Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө “шпион”, “Батыштын саясатын таңуулоо” деген сындуу сөздөр да айтыла баштаган.
Мындай лексикондор дээрлик бардык учурда Москвада каттоодон өткөн “StanRadar” сайтында жана Кыргызстандагы “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында байма-бай колдонулуп келет.
Бейөкмөт уюмдар тууралуу чыккан кабарларда алар “Орусиянын таасирин азайтууну көздөгөн”, “Кыргызстандын баалуулуктарын жогото турган” күч сыяктуу көрсөтүлгөн.
Ал эми 2014-жылдан баштап Европаны жана бейөкмөт уюмдарды ЛГБТ коомчулугу менен ассоциация кылуу активдүү башталган.
Көз карандысыз медиаларда болгон сыяктуу бейөкмөт уюмдарга да манипуляциянын “Ярлык илүү”, “Негативдүү образ жаратуу” жана “Душман көрсөтүү” ыкмалары кеңири колдонулуп келет.
Бул билдирүүлөрдө “кастык тили” да кеңири колдонулат.
“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.
Бейөкмөт уюмдарга каршы колдонулган “бузуку”, “арам ойлуулар” деген сөздөр “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет.
Азыркы учурда дагы социалдык тармактар аркылуу бейөкмөт уюмдардын иштери тууралуу бир жактуу жана негативдүү маалыматтар берилүүдө.
Кызыгы,“батыштын кулдары”, “бузукулар” деген “патриоттор” көз карандысыз медиалардын демократиянын өнүгүшүнө, шайлоонун таза өтүшүнө болгон салымдары жана бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга берген жардамдары тууралуу таптакыр сөз козгошпойт.
Белгилей кетсек, кээ бир тайпалар каралоого аракет кылган Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлар чуулгандуу коррупциялык схемаларды аныктап, ошонун негизинде кылмыш иштери козголгон учурларды абдан көп табууга болот.