Зулушевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берди
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
“75чилердин каты” боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевдин адвокаты Бактыбек Жумашев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирген.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов да ушул эле чечимге каршы даттанган. Калган айыпталуучулар арыз берген-бербегени азырынча белгисиз.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгарган. Бардык айыпталгандар төрт жылга эркиндигинен ажыратылган. Мүлктөрү конфискация болуп, 3 жылдык пробация менен абакка камалган жок.
Бул ишке байланыштуу айыпталуучуларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча айып коюлган.
Айыпталгандар: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов.




