Зулушев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Казакстанда өткөн жыйынына катышты

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Казакстанда өткөн жыйынына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумга Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргыз Республикасынын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын башкы прокурорлору, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы катышты.

Жолугушуу конструктивдүү жана түшүнүү, өз ара ишеним жана достук маанайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөдө трансулуттук экономикалык кылмыштуулуктун өсүшү, мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарып алуу тажрыйбасы тууралуу пикир алмашуу болду.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын делегация башчылары тийиштүү протоколго кол коюшту.

Кол коюлган протоколдун алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

1. Тажрыйба алмашуу жолу менен мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын кызматташтыгын чыңдоо;

2. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук укуктук актыларды, маалыматтык, методикалык, маалыматтык-аналитикалык, илимий жана башка материалдарды, алардын алдын алуу боюнча иш тажрыйбасын, ошондой эле мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди издөө, камакка алуу жана кайтарып берүү маселелери боюнча улуттук мыйзамдар жөнүндө маалыматтарды алмашууну улантуу ж. б.

Кабыл алынган чечимге ылайык ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кезектеги 21–отуруму Кытай Эл Республикасында 2023-жылы өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты