Зулушев: Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу аныкталган жок

  • 6 месяцев мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн операцияда мыйзам бузуу аныкталбаганын айтты. Бул тууралуу Зулушев 31-январда прокуратура органдарынын 2023-жылдагы ишмердиги тууралуу басма сөз жыйынында билдирди.

“Президентибиз “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө укугу жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. Андай факты аныкталган жок. Ошондуктан тергөөнү УКМК улантып жатат”-, деди башкы көзөмөл органынын жетекчиси.

Эске салсак, өткөн жылдын 4-октябрында «мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаев Бишкекте УКМКнын атайын операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат “Камчы Көлбаев УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнүн, ага каршы жооп иретинде ок атылып каза болгонун” билдирген.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров 16-октябрда улуттук “Кабар” улуттук агенттигине маек берип, Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты