Зордуктоодон жабыр тарткан өспүрүм кызды жеке мектепке которуу сунушталууда

  • 2 года мурун

Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызды Бишкектеги жеке мектептердин бирине которуу сунушталып, учурда сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу өспүрүмгө жардам көрсөтүү боюнча акциянын демилгечиси, журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков билдирди.

Анын айтымында, акция жарыяланган үч күндүн ичинде 682 миң сомдон ашык каражат чогулду. Мындан сырткары кызды шаардагы сапаттуу билим берген жеке мектептердин бирине которуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Акция азыр дагы уланууда.

2-июлда “Азаттык” радиосу милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыпталуучулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери үч жолу башка күнгө жылды. 8-июлда жараян жабык өтүп, жабыркаган тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен кийинки сот 12-июлга белгиленди. Жабыркагандардын жактоочулары алмашкандыктан иш менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты