Зомбулукту жеңген Элина

27 жаштагы Элина бир нече жыл бою зомбулукта жашап келген. Анын жолдошу сабаганды адатка айлантып алган. Анын чеңгээлинен бошонуп чыгып кетүү оңойго турган эмес. 

“Эки балалуу болдук. Сабаганда телефонумду алып койчу, “Үйдөгүлөргө айтсаң, балдарды алып, сага такыр көрсөтпөй коем” деп коркутчу. Себеби, алар колунда бар, депутат, министрлер менен тааныш үйбүлө болчу. Мен бирөөгө айткандан дагы коркуп жүрдү”, — деп эскерет ал күндөрдү Элина.

Дагы бир жолу сабап жатканда Элинанын иниси жездесине капысынан телефон чалып калат. Элина чуркап барып телефонду ала коюп, жолдошу сабап жатканын айтып, жардам сураганга жетишет. Иниси милицияны ээрчитип келип, эжесин тез жардам машинеси менен алып кетет.

“Бул окуяга чейин дагы бир жолу сабап жатканда кошуналар милицияга телефон чалып коюптур, милиция келгенде жолдошум алар менен сүйлөшүп, акча берип, кетирип жиберген эле. Бул жолкусунда про-боно адвокаттар дагы жардамга келип, бул ишти жең-ичинен сүйлөшуп бүтүрүп албаганга жардам беришти”, — дейт Элина.

Элина ал күнү варикоздору жарылып кеткенинен улам, тез жардам менен ооруканага барып жаткан. Про-боно адвокаттардын жардамы менен атайын экспертизадан өтүп, анын жыйынтыгында үйбүлөлүк зомбулукка кабылганы аныкталган. 

Бул иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сабаган жолдошу убактылуу кармоочу жайга эки күнгө камакка алынган.

Бул арада Элинага “Шанс” кризистик борборунун адистери жардам көрсөтө баштаган.

“Мындай учурда психологдордун дагы жардамы абдан маанилүү. Зомбулукка кабылбаган адам минтип эле койбойбу, тигинтип эле койбойбу деп айта берет, бирок зомбулукка кабылган адам андан чыгып кетүүсү абдан кыйын. Күн сайын коркуп жашачумун, келечегимди такыр көрө алчу эмесмин. Мен азыр таптакыр башка Элинамын, адистердин жардамы чоң”, — дейт Элина.

Про-боно адвокаттар Назира Абдумуминова менен Гуляна Убалиевалар Элинага бекер юридикалык жардам көрсөтө башташкан.

“Ишти сотко өткөрүп, иш ачылган берене боюнча соттон  эң күчтүү жаза болуп саналган,  максималдуу айыпка жыгуусун өтүндүк. Сот алардын арызын канааттандырып жолдошуна 60 миң сом айып салды. Бирок, айыпталуучунуну адвокаттары жогорку инстанцияларга бул чечимди жокко чыгарууну суранып арыз менен кайрылышкан, бирок кийинки инстанциялар дагы биринчи чечимди күчүндө калтырган”, — дейт Назира Абдумуминова.

Муну менен эле токтоп калбастан, адвокаттар ажырашуу процессине дагы жардам берип, Элинанын балдарына алимент кестиришкен.

Элина айыгып чыккандан кийин Азамат Аттокуров баштаган  про-боно бизнес консультанттардын жардамы менен чакан бизнес ачкан. “Элинка-малинка” деген ат менен вареньелерди жасап сата башташкан.

Элина азыр финансылык жактан дагы эч кимден көз каранды эмес. Бизнеси менен катар “Аман Эл” деп аталган коомдук фонд ачып, зомбулукка кабылган аялдарга, жардамга муктаждарга жардамын берип келе жатат. 

“Азыр менин алдыма койгон максаттарым чоң. Мен өзүм ошол зомбулуктан чыгып кеткен аял катары, башкаларга мотивация берип жатам деп ойлойм. Учурда мен бактылуумун, балдарым да жабыркабай, мени көрүп балдарым да бактылуу. Ошого мен аябай сүйүнөм”, — дейт Элина.

ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында Адвокаттарды окутуу борбору ишке ашырып жаткан долбоордун про-боно адвокаттар үйбүлөдөгү зомбулук, аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча бекер юридикалык жардам көрсөтүшөт. “Про-боно” сөзү латын тилинен которгондо “коомдун кызыкчылыгы үчүн” деп которулат.

Эгер сиз дагы үйбүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн болсоңуз Адвокаттарды окутуу борборунун про-боно адвокаттарына кайрылсаңыз болот.

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]
Автор: Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты