Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

Бишкекте 8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата тынч жөө жүрүш уюштурулду. Тилектештик жүрүшүнө 500дөн ашык адам чогулуп, алар “Революция каармандарынын эстелиги” аянтынан баштап Горький атындагы гүлбакка чейин басып барышты. 

Жөө жүрүштө “Аялдардын укуктары корголсун!”, “Зомбулукка жол бербейбиз!”, “Аялзатка – эркиндик!”, “Эркин кыз — Эркин Кыргызстан!”, “Келечек колубузда!!” жана башка ураандар айтылды. 

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

Тилектештик жүрүшү милиция кызматкерлеринин коштоосунда өтүп, катышуучулардын коопсуздугун коргоо максатында марш башталгандан бүткөнгө чейин колдоо көрсөтүштү. 

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

“Аялдардын турмушу — замандын күзгүсү” 

Бишкек феминисттик демилгелер уюмунун (BFI) өкүлү жана марштын уюштуруучуларынын бири Гүлайым Айылчы жүрүштүн максаты аялдардын укуктарын илгерилетүү жана көйгөйлөрдү коомчулукка алып чыгуу экенин айтат.

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

“Кыргызстанда аялдардын тилектештик маршы 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Эң биринчи жылы 20-25 киши катышкан болчу. Ал эми бул жылы 500дөн ашуун активисттер жана колдоочулар келишти. Жылдан жылга жүрүшкө кошулгандардын саны өсүп жатат. Жүрүштүн негизги максаты — аял укуктары жөнүндө сөз кылуу. Анткени Кыргызстанда аялдардын укуктары жетишээрлик деңгээлде корголбой жатат. Азыркы учурга чейин зомбулук көрүп жашаган, жумушка орношо албай, экономикалык зомбулукка кабылган аялдар абдан көп. Алардын маселеси өлкөдөгү башка көйгөйлөрдүн фонунда калып, көп учурда айтылбай калат. Ал эми бул маршта биз ушул көйгөйлөр бар деп чыктык.”, — дейт Гүлайым.

Ошондой эле Гүлайым Айылчы бул жылдагы жүрүштүн темасына да токтолду.

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
“Бул жылы марштын темасы “Аялдардын турмушу — замандын күзгүсү” деп аталды. Бул макал кыргыздын жакшы билинген макалы. Мааниси аялдар кандай жашап жатса, коом дагы ошондой дегенди билдирет. Башкача айтканда, аялдардын көйгөйлөрүнө карап, коомдун кандай жашап жатканын билсе болот. Ушул нерсеге акцент жасап, көйгөйлөрдү көрсөтөлү дедик”, деп белгиледи Гүлайым Айылчы. 

“Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” аталышындагы жөө жүрүшкө мурдагы күйөөсү сабап, кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаева да катышып, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталышы керектигин айтты.

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

“Силер азыр менин жабылган жүзүмдү көрүп турасыңар. Масканын артында кандай издер болгонун, эмнелерди башымдан өткөргөнүмдү баарыңар билесиңер. Бетимдеги тырыктар кырсы же ооруудан эмес, балдарымдын атасынын колунан калган издер. Бирок мен жалгыз эмесмин. Менин окуям Кыргызстанда күн сайын зомбулкка кабылган жүз миңдеген аялдардын окуясы. Бул талкаланган тагдырлардын, талкаланган жашоолордун баяны. Коомдо зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталмайынча жылыш болбойт! Зомбулук улана берет. “Бир жолу эле сабады”, “балдарды ойлойм” деп эле баарына чыдай бербөө керек. Эже-сиңдилерим, өзүңөр үчүн туруп, укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугаңды коргогула. Зомбулукка чыдабагыла, баш ийбегиле.”,- деди Асель Ногойбаева.

Ошондой эле Ногойбаева милиция кызматкерлерине кайрылып, аялдардын укугун мүмкүн болушунча коргоого чакырды. 

“Бул жерде милиция кызматкерлери турат. Урматтуу милиция кызматкерлери! Көп учурда зомбулукка кабылып жаткан адамдын жалгыз үмүтү силерсиңер. Зомбулук болуп жатса кайдыгер карабай, мүмкүн болушунча ыкчам жардамга келип, зордукчуну аялдан алыстатууга эмне зарыл болсо, ошонун баарын кылууңуздарды суранам. Сот кызматкерлери, зомбулукка байланыштуу иштери өзгөчө кылдаттык менен карагыла. Өлтүрүлгөн аялдардын көбү өз күйөөлөрү, же мурдагы күйөөлөрү тарабынан өлтүрүлөт. Зордукчуну убагында камап, мындай өлүмдөрдү алдын алса болмок. Биз зомбулуксуз жашоо укугу үчүн күрөшөбүз».” — деп билдирди Асел Ногойбаева.

Белгилей кетсек, 2023-жылы 20-сентябрда Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү бычактап, мыкаачылык менен кулак-мурдун кескилеп салган. Окуя коомчулуктун үрөйүн учуруп, Ногойбаева 2023-жылы “Аялдарга болгон зомбулуктун айкын символуна” айланган. Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү 20 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучуга 2 миллион сом өндүрүп берүүгө милеттендирилген. 

“Тең укуктуу жашоо”, “Эркин кыз — эркин Кыргызстан” 

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

Марштын модераторлорунун бири, ырчы жана активист Зере Асылбек жүрүшкө Асел Ногойбаеванын катышканы абдан маанилүү болгонун билдирди.

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

“Статистикалар көрсөткөндөй, Кыргызстанда аялдарга байланыштуу маселелер дагы деле арбын. Мисалы зомбулукка кабылган аялдардын саны дале жогору. Бүгүн, Асел Ногойбаеванын келгени мага өтө чоң жаңылык болду. Анткени зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдардын үнүн дагы жогорураак угузуу биздин максатыбыз.”, — деп билдирди Зере Асылбек.

Мындан сырткары, марштын жүрүшүндө аялдардын билим алууга, лидерлик позицияларды ээлөөгө жана күчтүү өлкөнү курууда аялдар активдүү катышышы керектиги тууралуу чакырыктар айтылды.

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)

Тилектештик маршы эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери гендердик теңчиликти илгерилетүү, анын ичинде аялдардын билим алуу жана жумушчу күчүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча белгилүү кадамдарды жасаган. Бирок, Кыргызстанда азыркы учурга чейин аялдарга байланыштуу бир топ маселелер бар.

Алсак,

-Аялдарга карата зомбулук: Официалдуу маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат.   2023-жылы Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган рейтингде Кыргызстан 95-сапта жайгашкан.  

-Жумуш ордундагы харассмент жана дискриминация: 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга жана харассменттин ар кандай түрлөрүнө кабылышат. 

-Эмгек акыдагы теңсиздик: Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда аз киреше табат. Мисалы 2021-жылы аялдар эркектерге караганда орточо 5 миң 475 сомго аз тапкан. Аялдардын орточо айлык акысы айына 16 миң 524 сом, ал эми эркектердики 21 миң 999 сом деп эсептелген. Эгерде эркектердин айлыгын 100% деп ала турган болсок, пайыздык көрсөткүч менен алганда, аялдар сумманын 75,1%ын гана алышкан. 

-Эмгек рыногундагы айырмачылык: Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк. Бирок иштеген аялдардын саны азыраак. Эксперттер муну аялдарга жүктөлгөн милдеттери – бала төрөө, аны багуу жана үй-тиричилик милдеттеринен улам эмгек дискриминациясына дуушар болуусу менен түшүндүрүшөт. Натыйжада Кыргызстанда аялдардын жалпы санынын 43 пайызы гана иштейт. 

-Аялдар жетекчилик кызматта аз: Кыргызстанда саясий жана атайын жетекчилик кызматтарды ээлегендердин 25%ы гана аялдар. Бул, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга катышкандардын төрттө бири гана аялдар дегенди билдирет.  

Жыл сайын 8-мартта  активисттер чыгып, дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттер сыяктуу Кыргызстанда да зордук-зомбулук, теңсиздик бар экенин айтып бул маселелерди чечүүгө чакырышат. 

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Бул материал, APWLD (Азия-Тынч океан аялдар, укук жана өнүгүү форуму ) уюмунун “Милитаризм, тынчтык жана аялдардын адам укуктары боюнча медиа жана визуалдык журналистика стипендиясынын” алкагында даярдалды. 

Зомбулукту токтотуу, теңдикке үндөө: Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду (Фоторепортаж)
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты