“Жылкычы чымчык” тасмасы Франциянын Бретани фестивалынын баш байгесин жеңип алды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозунун «Жылкычы чымчык» тасмасы 28-июль күнү кечинде Франциядагы Бретани эл аралык кинофестивалынын баш байгесин – Germin сыйлыгын жеңип алды.

Бул тууралуу кинофестивалдын сайтында жазылды.

Бретанидеги жылыга өтүүчү эл аралык кинофестиваль тарыхый Локронан шаарында өтөт. Бегалы Наргозунун”Жылкычы чымчык” тасмасы көрүүчүлөргө жана калыстарга фестивалдын биринчи күнүндө 19-июлда сунушталган.     

Сценарийди Бегалы Наркозу жазуучу Кубатбек Жусубалиев, режиссерлор Марат Сарулу (маркум), Актан Арым Кубат жана журналист Жамбы Жусубалиева менен бирге жазган. Оператор — Хасан Кыдыралиев.

Тасманын бет ачары 2023-жылы 15-декабрда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында өткөн.

Ролдордо — Асан Аманов, Жамиля Сыдыкбаева, Мадалена Абдракманова, Дидара Зарлыкова, Таазим Үмөталиева, Альбина Имашева, Марат Ибраев, Айнура Эсеналиева.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты