Жылдын жыйынтыгы боюнча президенттик администрацияга жарандардан 19 миң 844 кайрылуу келип түшкөн

  • 2 года мурун

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясына жарандардан 19 миң 844 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кайрылуулардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 4742 кат түшкөн (жалпы каттардын 37,5 пайызы). КМШ мамлекеттеринде жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган жарандардан 101 (жалпы каттардын 0,8 пайызыы) кайрылуу түшкөн. Жарандардын бардык кайрылууларынын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине карата даттануулар жана арыздар түзөт – 3512 (27,8 пайыз). Турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 1580 жаран (12,5 пайыз) жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча 1162 жаран (9,2 пайыз) кайрылган. 1314 жаран (10,4 пайыз) социалдык кызматтардын ишине, эмгек акынын, пенсия жана жөлөкпулдардын аздыгына, жеңилдиктерди жана материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыланууга жана кымбат баалуу операцияларга каржылык колдоо көрсөтүүгө тийиштүү даттанышкан.    

Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 758 жаран (6 пайыз), мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү жана ырайым кылуу боюнча – 745 (5,9 пайыз), курулуш, архитектура, транспорт жана коммуникация тармагында – 366 (2,9 пайыз), кредиттер боюнча карыздарды төлөө жана анын мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүү боюнча (пайызсыз же төмөн пайыз менен) — 303 (2,4 пайыз) жаран кайрылган. 

Бардык келип түшкөн кайрылуулар президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралып, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карооcуна анын натыйжалары тууралуу арыз ээлерине маалымдоо иретинде жиберилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты