Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактура колдонот

  • 2 года мурун

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.   

Бул Министрлер кабинетинин токтому  менен белгиленди:

Коущмча нарк салыгын (КНС) төлөөчү жана товарларды импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген салык төлөөчү, ошондой эле 12 календарлык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат.

Жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураны 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик салык кызматы жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана «Электрондук эсеп-фактура» системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «Электрондук эсеп-фактура» бөлүгүнөн алууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты