Жыл башынан бери өлкөдө 1173 жол кырсыгы катталып, 82 жаран каза болду

  • 4 месяца мурун

Жыл башынан бери өлкө аймагында 1173 жол унаа кырсыгы катталып, 1673 жаран ар кандай жаракаттарды алып, 82 жаран каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жаракат алгандардын саны 8,5 пайызга, көз жумган жарандарыбыздын саны 24,1 пайызга азайган.

Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктары жыл башынан тартып, 245 жолу катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 15,2 пайызга, жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, ал эми жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга азайган.

ЖКККББнын кызматкерлери жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик жана профилактикалык иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты