Жыл башынан бери Кыргызстанга 258 мигранттын сөөгү алып келинди

  • 2 года мурун

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга 258 мигранттын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери сөөк алып келүүгө бюджеттен 25 млн. сом бөлүнгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, эмгек мигранттарынын укуктары туурасында тийиштүү мекемелердин маалыматын угуп жатат.

ТИМ былтыр өлкөгө 540 сөөк алып келинип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталганын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты