Жыл башынан бери Кыргызстандан 91 медицина кызматкери чыгып кетти

  • 2 года мурун

Жыл башынан бери Кыргызстандан 91 медицина кызматкери чыгып кетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республиканын калкына медициналык жардамды 13 миң 655 дарыгер жана 33 миң 510 орто медициналык билимдүү адис көрсөтүп жатат.

«Алты ай ичинде саламаттыкты сактоо уюмдарына 690 дарыгер жана 1718 орто медициналык билимдүү адис келип, 525 дарыгер жана 1420 орто медициналык билимдүү адис, анын ичинен 4 дарыгер жана 87 орто медициналык билимдүү адис чет өлкөгө чыгып кетти», — дейт Жаркынбек. Касымбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты