Жыл башынан бери 450 чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Жыл башынан бери миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу 24-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары 7900дөн ашык чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 65 миллион сомдон ашык айып пул салынган.
ШИИББ белгилегендей, учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзам талаптарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо жана улуттук каада-салттарды урматтоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө.
Сүрөт: Скриншот
Муну бөлүшүү




