Жусупбекова: Пионерлердин маарекесине байланыштуу телефонограмма министр менен кеңешилген эмес

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин белгилөө тапшырмасын бергенин ырастап, бирок бул боюнча министр менен кеңешпегенин билдирди.

Жусупбекова Фейсбуктагы баракчасында телефонограмманы советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмери Жаңыл Түмөнбаеванын кайрылуусунун негизинде жөнөткөнүн жазып, мааракени уюштуруу тапшырмасы эч кандай саясий, идеологиялык максатта берилбегенин белгилеген.

«Бирок, тилекке каршы министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм”, — деп жазат министрдин орун басары.

Социалдык тармакта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын колу коюлган документ тараган. Ага ылайык, Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесинин алкагында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө иш-чараларды өткөрүү тапшырылган.

Буга чейин 19-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы мектепте Владимир Лениндин эстелигинин ачылыш салтанаты болгон. Кийинчерээк шаар мэрлиги Лениндин жаңы жасалган бюсту өзүм билемдик менен коюлганын билдирип, чара көрүлөрүн эскерткен. 

Бул коомчулук арасында бир топ талкуу жана нааразычылыктарды жараткан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты