Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Соңку убакта Фейсбуктагы “Адамдар арасында” баракчасы иликтөөчү журналисттерди жана оппозициялык саясатчыларды каралаган бир топ материалдарды жарыялап келет.

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Акыркы бир жума ичинде аталган баракчада “Temirov Live” командасынын журналисттери тууралуу жашыруун аудиого жана видеого тартылган беш материал жарыяланган. 

ПолитКлиника медиасы “Адамдар арасында” баракчасы кимге тиешелүү экенин анализдеп көрдү. 

Ачылганына 1 жыл боло элек 

“Адамдар арасында” аттуу баракча 2021-жылдын 9-ноябрында “Эч ким айтпаганды биз айтабыз!!!” деген лозунг менен ачылган. Бул баракча ачылганда эки адам жактыруу белгисин койгонун көрүүгө болот. 

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Алар Аська Кожомкулова жана Замира Дуйшебаева аттуу адамдар. Фейсбуктагы профилин алып караганда Замира Дуйшебаеванын фейк аккаунт экенин билүүгө болот. Анткени сүрөтү жок жана маалыматтар менен бөлүшпөйт. 

Эң алгачкылардан болуп баракчаны колдогон экинчи адам Аська Кожомкулова Президент Садыр Жапаровду, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди жана Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевди колдогон билдирүүлөр менен байма-бай бөлүшүп турат. 

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Мындан сырткары, Кожомкулованын профилинде экс депутат Каныбек Иманалиевдин, кош жарандуулукка шектелген Медербек Саккараевдин жана Райымбек Матраимовдун колдоочусу Бактыбек Райымкуловдун да сүрөттөрүн кездештирүүгө болот. Бирок, кийинчерээк  Аська Кожомкулова “Адамдар арасында” баракчасында  жарыяланган башка маалыматтар менен бөлүшүп, жактыруу белгисин койгон эмес. 

Оппозициялык лидерлердин жана НПОлордун караланышы 

“Адамдар арасында” баракчасында көбүнчө депутат Адахан Мадумаров жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу маалыматтар чыгып турат. 

Ушул убакка чейин Адахан Мадумаров тууралуу 38 негативдүү маанайдагы маалыматтар жарыяланган. Алардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү “Адахан Мадумаров Тажикстанга 275 метрди берип жиберген, камалсын!!!” деген тариздеги матералдар. 

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Ал эми оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев тууралуу “жашыруун камера менен тартылган видео жана аудиолор” делген материалдар жүктөлгөн. 

Мындан сырткары, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова, Рыскелди Момбеков, Өмүрбек Бабанов “Альянс” жана “Ата Мекен” партиялары тууралуу материалдар да жарыяланган. 

Кызыгы, “Адамдар арасында” баракчасында экс президент Алмазбек Атамбаевди колдогон  билдирүүлөр бөлүшүлгөн. Анда кыска маалыматтар берилип, Алмазбек Атамбаевдин мурда жүргүзгөн иштери баяндалган. Бирок башка билдирүүлөрдө Атамбаевдин Адахан Мадумаров менен байланышы жана 2010-жылдагы революцияга себеп болгону айтылат.

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Мындан сырткары билдирүүлөрдүн арасында Райымбек Матраимовго баланышы бар адамдардын бири Шайлообек Атазовду колдогон маалымат да чыккан. 

Башкача айтканда, билдирүүлөрдүн арасында ар кандай багыттагы саясатчы жана ишмерлер айтылып, баракчанын кайсы багытта экенин аныктоону кыйындаштыруу аракети байкалат. 

Баракча бийликке таандыкпы? 

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева “Адамдар арасында” баракчасына билдирүү калтырган. Анда, аталган баракча бийликке таандык экени айтылат:

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

Билдирүүдө, активист Тилекмат Куренов 4-октябрдагы революциядан кийин Камчыбек Ташиев үйүнө качып кетти деген маалыматты таратканы, ал эми Жылдызкан Жолдошева бул маалыматты кеч болсо да жокко чыгарганы айтылат.  

Баракчада Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди каралаган маалыматтар жарыяланбайт. 

Тескерисинче, “Ташиев кызматын тапшырса НПОлор Кыргызстанды тытып жейт” деген колдоо ирээтиндеги маалымат жарыяланган. Ошондой эле Садыр Жапаров тууралуу да позитивдүү маалыматтарды табууга болот. 

Журналисттердин интимдик жашоосуна чейин кийлигишкен “Адамдар арасында” баракчасынын бийлик менен байланышы (Фактчекинг) 

“Адамдар арасында” баракчасынын кимге таандык экенин билүү мүмкүн эмес. Бирок бийликтегилер тууралуу жакшы жаңылыктарды чыгарып турганы чындык.  

Баракчада жашыруун видеолор биринчи чыгат

Буга чейин “ПолитКлиника медиасы баракчада журналист Болот Темиров тууралуу жарыялаган видеонун чындыкка дал келбей турганын аныктап чыккан. 

Анда,Болот Темиров тууралуу чындык. 1-бөлүк. Сырттан келген акчалар. Көлдөн ташылган наркотика. Аялы мене жасалган кылмыш” деп аталган видеодо телефон тыңшоодон жазылып алынган аудиолор, Болот Темировдун компютеринен алынган документтер да чыгарылган. 

Белгилей кетсек,  2021-жылы декабрь айында Болот Темировдун кеңсесинде тыңшоочу каражаттар табылган. Журналисттер бул аңдуу экенин билдиришкен. Мындан сырткары журналисттердин уктоочу бөлмөсүнө да жашыруун камералар орнотулуп, күч органдарынын шантаж кылууга аракет кылгандары  айтылган.  Ал эми, жашыруун ыкма менен тартылган аудио жана видео билдирүүлөр “Адамдар арасында” баракчасында байма-бай бөлүшүлүп турат. 

Жыйынтык: “Адамдар арасында” баракчасынын кимге таандык экенин билүү мүмкүн эмес. Бирок, аталган баракчада бийликке карата позитивдүү жаңылыктар жарыяланып турары чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты