Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

9-апрелде УТРКнын журналисти Усубалы Каганат (Мамбетов) Фейсбуктагы баракчасында “Англиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын экономикасы өсүү жолунда деп жар салышканын” жазды.

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Материал алгач кыргызстандык ЖМКда жарыяланган

28-мартта кыргызстандык Vesti.kg басылмасына “Эксперт: Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын ИДПсы тууралуу божомолу аткарылган жок. Өлкөнүн экономикасы өсүүдө” деген баштема менен материал жарыяланган. 

Материалда 2022-жылдын апрель айында Дүйнөлүк банк Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын басаңдашын божомолдогону, бирок бул божомол аткарылбаганы жазылган. Муну кыргызстандык саясат таануучу Денис Бердаков тастыктап, өзүнүн пикирин билдирген. 

Чындыгында эле бир жыл мурун Дүйнөлүк банк Кыргызстанда ИДПнын 5% төмөндөшүн, инфляциянын 18%га чейин болорун болжолдогон. Бирок 2022-жылдын аягы бизге бул божомолдун жаңылыш экенин көрсөтүп койду. Натыйжада, биздин ИДПнын өсүшү 7%ды түздү. Эгер, көмүскөдөгү жагдайларды эске алсак, анда 9% өсүш болду десек да болот. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле биздин товардык позицияларыбызда инфляция байкалган, бирок жалпысынан ал 18%га жетпейт. Ошол эле учурда Түркия, Орусия жана Кытайдан келген инвестициянын өсүшүн көрүп жатабыз”, — деген Бердаков. 

Материалда жалпысынан Денис Бердаковдун пикири гана берилип, расмий маалыматтарга шилтеме берилген эмес. 

Бул материал 29-мартта кыргыз жана англис тилдерине которулуп басылманын сайтына жарыяланган. 

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

Vesti.kg’нин сайтына англис тилинде чыккан материал 8-апрелде londonpost.news аттуу сайтка “Кыргызстандын экономикасы өсүүдө” деген баштема менен жарыяланган. Материалдын баштемасы гана өзгөргөнү болбосо мазмуну Vesti.kg’ге жарыяланган макаланын мазмунуна 100% окшош. 

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

London Post — Лондондо жайгашкан жаңылыктар порталы. Порталга Associated Press, Reuters, Agence France-Presse сыяктуу дүйнөлүк ири маалымат агенттиктеринин материалдары жарыяланат. Башкача айтканда, бул портал өзү контент жаратпайт, башкалардын материалдарын гана бөлүшөт. Жогорудагы Кыргызстандын экономикасы тууралуу материалда дагы аталган портал өзү анализ жасаган эмес, Vesti.kg чыгарган материалды бөлүшкөн. Кошумчалай кетсек, бул материал жарыялангандан бери аны 21 гана киши ачып окуган.

Британияда London Post  аттуу гезит дагы чыгат. Анда Лондондо гана болгон эң акыркы кабарлар жарыяланат. Эл аралык жана башка өлкөлөр тууралуу материалдар дээрлик жокко эсе.

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

Ошол эле Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу материал 1-апрелде The Asian аттуу түштүк кореялык медиа порталга дагы жарыяланган. Анда материалдын баштемасы жана структурасы бир аз өзгөргөн, бирок негизги мазмуну жогорудагы материалдарга окшош бойдон калып, Vesti.kg’ге шилтеме берилген.

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

Британиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы тууралуу эмнелерди жазган?

Дүйнөлүк ири маалымат агенттиги Reuters 6-апрелде Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүү темпи жогорулаганы тууралуу жазган.

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

 “Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө Орусия жана Украинада болуп жаткан согушка карабай Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын 2023-жылга карата өсүү темпи 0.1% дан 1.4%га жогорулады”, — деп жазылат кабарда.

Башкача айтканда, бул жерде жалгыз гана Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы тууралуу айтылат.

Акыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасында кандай өзгөрүүлөр болду?

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январында ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 48 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2022-жылдын январына салыштырмалуу 4,8 пайызга көбөйдү.

Журналисттер тараткан дагы бир дезинформация: Англиянын ЖМКлары Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу жазган эмес

Ошол эле маалда өлкөдө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы дагы өсүүдө. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2022-жылдын ноябрына карата Кыргызстандагы жылдык инфляция 14,5%ды түзгөн. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир кыйла жогору. 

Мындан тышкары, өлкөдө жакырчылыктын деңгээли дагы өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 20,1 пайызды түзсө, 2022-жылы 25,3 пайызга чейин өскөн. 

Башкача айтканда, Кыргызстанда ИДПнын өсүшү менен кошо жакырчылык жана инфляция да өсүүдө. 

Жыйынтык: УТРКнын журналисти Усубалы Каганаттын “Англиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын экономикасы өсүү жолунда деп жар салышты” деген билдирүүсү бурмаланган. Англиялык londonpost.news сайты кыргызстандык Vesti.kg сайтына жарыяланган материалды бөлүшкөн. Анда Кыргызстандын экономикасы өскөнү тууралуу кыргызстандык саясат таануучу Денис Бердаковдун пикири гана берилген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты