Журналист Сапарбек Акунбеков камакта калтырылды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаардык соту 2-февралда журналист Сапарбек Акунбековдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Жапырт кармалган медиа кызматкерлеринин бири Сапарбек Акунбековду Биринчи май райондук соту 17-январда эки айга СИЗО-1ге камоо тууралуу чечим чыгарган.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келген.

ИИМ медиа кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты