Журналист, акын Сонунбү Кадырова көз жумду
- 10 месяцев мурун
Журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген.
Алгач педагогикалык билим алып, 1981–1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн.
Андан соң журналистика тармагына кадам таштап, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1985–1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган чыгармачыл теледолбоорлорду ишке ашырды. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулады.
Сонунбү Кадырова 2019-жылдан тартып “Абаз” теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди.
2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, “Ыр кесе” берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ишке ашышына салым кошту.
Сонунбү Эргешовна — Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору.
Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005–2015-жылдары “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти болуп иш алып барган.




