Жумушчулардын санын кыскартууну каалагандыктан, Илон Масктын кирешеси төмөндөгөнү чындык (Фактчекинг)

Акыркы убакта интернет тармагында “Илон Масктын кирешеси бир күндө 17 миллиард долларга төмөндөдү” деген маалыматтар тарап жатат.

Жумушчулардын санын кыскартууну каалагандыктан, Илон Масктын кирешеси төмөндөгөнү чындык (Фактчекинг)

Билдирүүдө белгиленгендей ага Илон Масктын компаниядагы жумушчуларынын санын кыскартуу тууралуу чечими себеп болгон.  

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Tesla компаниясынын акциялары жана миллиарддык зыян 

Илон Маск 4-июнь күнү алдыда күтүлүп жаткан экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу Tesla компаниясындагы кызматкерлердин санын 10%га кыскартуу тууралуу билдирүү кылган. Бул тууралуу Reuters жеке булактарына таянуу менен жазып чыккан. 

Белгиленгендей, Илон Маск Тesla компаниясынын акционерлерине келечектеги экономика жөнүндө «супер жаман сезимге» ээ болуп жаткандыктан мындай чечимди кабыл алганын жазган. 

Мындан көп өтпөй, Тесланын акциялары АКШда 9,2%га арзандаган. Дүйнө жүзү боюнча 100 миңден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган компаниянын мындай чечимди кабыл алышы, акциялардын арзандоосуна жол ачкан. 

Жумушчулардын санын кыскартууну каалагандыктан, Илон Масктын кирешеси төмөндөгөнү чындык (Фактчекинг)

Аналитикалык эсептөөлөргө ылайык, Тесланын акциялары Илон Масктын билдирүүсүнөн кийин 16,9 миллиард долларга төмөндөгөн. 

Жумушчулардын санын кыскартууну каалагандыктан, Илон Масктын кирешеси төмөндөгөнү чындык (Фактчекинг)

Белгилей кетсек Илон Маск Forbes журналынын рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адам болуп саналат. Анын байлыгы 216,8 миллиард долларга бааланган. 

Эмне үчүн компаниялардын акциялары төмөндөйт? 

Бизнес чөйрөсүндө компаниялардын акциялары төмөндөп же жогорулап турат. Компаниялардын акцияларынын төмөндөшүнө объективдүү жана субъективдүү себептер таасир этет

Мисалы, 

  • Компанияда бизнестин начарлашы;
  • Белгилүү бир тармактагы көйгөйлөр;
  • Компания иштеп жаткан мамлекеттин экономикасындагы көйгөйлөр;
  • Фондулук рынокко таасирин тийгизген дүйнөлүк экономикалык өсүштүн басаңдашы сыяктуу факторлор таасир этет. 

Бул көп учурда инверторлордон көз каранды. Бирок кээ бир учурларда фейк жаңылыктардан улам деле компаниянын акциялары арзандап кетиши мүмкүн. Бул өз учурунда компаниянын акционерлерине чоң таасирин тийгизет. 

Жыйынтык: Акыркы бир жума ичинде Илон Маск 17 миллиард долларын жоготкону чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты