Жумгалда мал кайтарып жүрүп дайынсыз болгондор изделүүдө

  • 2 часа мурун

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылында жайлоодо мал кайтарып жүрүп дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургунду издөө иштери бүгүн, 22-октябрда да улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ага жалпы 18 куткаруучу тартылды. Кошумча ички иштер органдарынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 жалпы 93 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 21-октябрда ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 23 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 73, жалпы 111 адам тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты