Жумгалда мал кайтарып жүрүп дайынсыз болгон ата-бала 25 күндөн бери изделүүдө  

  • 3 дня мурун

Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарын кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө бүгүн да, 12-ноябрда, улантылды.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча,  Жумгал районунан беш куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15, жалпы 32 киши издөөгө чыкты. Аларга кошумча 4 рация, 2 дүрбү жана авариялык куткаруу унаасы тартылды.

Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 16-октябрь күнү түшкөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты