Жумгалда мал кайтарып кетип, дайынсыз болгон ата-бала 23 күндөн бери изделүүдө
- 5 дней мурун
Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн, 10-ноябрда, саат 08:45те башталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, издөө иштерине Жумгал районунан беш куткаруучу, ички иштер министрлигинен жети кызматкер, жергиликтүү тургундардан он, жалпы 22 адам чыкты. Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин изделип жатат.
16-октябрь күнү Жумгалдын Өрнөк айылынын 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери изделип жатат.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү