Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-бала 19 күндөн бери изделүүдө  

  • 2 недели мурун

Нарын облусунун Жумгал районунда Өрнөк айылынан мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө максатында бүгүн, 6-ноябрда, жалпы 14 адам тартылды.

Райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жети куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) бир кызматкер, жергиликтүү тургундардан киши чыкты.

49 жаштагы К.Б. жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты