Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөө иши улантылууда   

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 5-ноябрда, Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө кайрадан таң эрте уланды. Ага жалпысынан 26 адам 2 дрон менен тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

49 жаштагы К.Б. жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты