Жумгал, Кара-Суу, Жети-Өгүз райондорунун акими алмашты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп Адыбек Набиев, Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп Жакыпбек Субагожоев, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болуп Эрмек Бахавадинов дайындалды.

Муну менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемелердин негизинде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Кочкор, Өзгөн, Араван райондорунун акимдерине жаңы орун басарлар дайындалды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка адилет жеткиликтүүлүктү камсыздоо, дискриминацияга жол бербөө, кесипкөй мамлекеттик аппаратты калыптандыруу негизги милдет болуп саналат.

Жаңы мамлекеттик саясаттын алкагында бардык дайындоолор региондук кадр резервинен алынып, жүргүзүлөт, анда протекционизм, колдоочу же патронаж аркылуу дайындоолор жокко чыгарылат жана мамлекеттик кызматкерлерге карьералык мүмкүнчүлүктөр каралган.

Региондук резервди түзүүнүн негизги максаты – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу.

Бул кадрдык дайындоолор башкаруу ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты