Жумадил Эгембердиевдин “Жаратман” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү
- 8 месяцев мурун
Бүгүн, 19-октябрда ишкер, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиевдин “Жаратман” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.
Китепте автор агасы маркум Таабалды Эгембердиев экөөнүн балалыгы, 90-жылдардагы ишкерликтин башталышы, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү ишкерлик тажрыйбасы тууралуу ой бөлүшөт.
Бет ачарда Эгембердиев бул эмгекти агасы жазышы керек болчу деп белгилеп, анын ордуна өзү калтырган мурасты чагылдырууну туура көргөнүн айтты.
Кыргыз жана орус тилдеринде 7 миң нускада чыккан китептин көркөм редактору жазуучу Олжобай Шакир, Улук жана Жылдыз Уракуновдор которгон.
Сүрөт: Эрнист Кыязовдун баракчасынан алынды
Муну бөлүшүү




