Жумабеков туунун өзгөрүшүнүн демилгечилерине: «Күндүн нуру сиздер сунуштагандай болуп тиет деген далил барбы?»

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Дастанбек Жумабеков желекти өзгөртүү эмнеден улам келип чыкканын баяндама жасап жаткан демилгечи депутат Улан Примовдон сурады.

«Желектин сиздерге жакпай калганын себебин айтпай койдуңуз. Идея жаралышы үчүн бир себеп болушу керек. Ошонун негизинде ушул сунушту алып келдик деп айтышыңыз керек эле», — деди Дастанбек Жумабеков.

Улан Примов: «Сиздерге жакпай калса деп айтып жатасыз. Бизге жакпай калган үчүн өзгөртөлү деп жаткан жокпуз. Азыркы туу күн караманын гүлүн же болбосо боз үйдөн чыккан жалын сыяктуу көрүнөт. Мындан улам ошону күндүн нуру сыяктуу авторлор менен биргеликте сунуштап жатабыз», — деди.

Дастан Жумабеков «Күндүн нуру сиздер сунуштагандай болуп тиет деген физикалык далил барбы?» деп сурады.

Улан Примов: «Бул туу жан дүйнөбүзгө сиңип калган. Ушул туунун алдында эгемендикти алып, көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Бирок мындан ары аракеттерди күчөтө беришибиз керек. Биз физикалык бир көрсөтмөлөргө таянып жаткан жокпуз», — дейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты