Жорж Оруэллдин «1984» антиутопиялык романы кыргыз тилине которулду

  • 2 года мурун

Британиялык жазуучу Жорж Оруэллдин «1984» антиутопиялык романы кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу китеп басылып чыккан «Китепстан» басма үйүнөн «ПолитКлиника» медиасына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, китепти которууда бардык автордук укуктар сакталган. Китепти кыргызчага Адамата Алишер уулу которду. Редакторлор — Ыкыбал Айдарова жана Нурболот Азамат.

«1984» — тоталитардык режим мамлекетти кандай абалга алып келерин, анын ичинде карапайым элдин, орто класстын жана бийлик өкүлдөрүнүн жашоосун кандай өзгөртөрүн баяндаган антиутопиялык роман. Бул роман доор алмашса да, тоталитардык режимди чагылдырган күзгү бойдон калууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты