Жоламан Шершенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалды багындырды

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдеш 5-августта Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү.

Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Тайпалык баскычта Жоламан Шаршенбеков биринчи орунда жарым финалга чыгып, Венгрия менен Кытайдын спортчуларын эки жолу жеңип алды.1/2 финалдык беттеште Шаршенбеков Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жана финалда Венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты