Жол жарылып, адамдар чуркап жүргөн видео атайын окутуу учурунда тартылган эмес. Видеодо Алай районундагы айылдын жолу көрсөтүлгөн (Фактчекинг)

13-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы Мелис Абдибаитов Фейсбукта видео менен бөлүшкөн. Анда аталган видео эски экени жана атайын окутуу учурунда тартылышы мүмкүн деп айтылган. 

Жол жарылып, адамдар чуркап жүргөн видео атайын окутуу учурунда тартылган эмес. Видеодо Алай районундагы айылдын жолу көрсөтүлгөн (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Сел жана талкаланган жол

Селдин кесепетинен Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнүн  жолу чөгүп, жарылып кеткени тууралуу видео 12-май күнү мессенджерде тарай баштаган. 

Жол жарылып, адамдар чуркап жүргөн видео атайын окутуу учурунда тартылган эмес. Видеодо Алай районундагы айылдын жолу көрсөтүлгөн (Фактчекинг)

Анда айыл менен байланыштырган негизги жолдун асфальты чөгүп жарылып кеткени көрсөтүлгөн. 

Мындан сырткары, 11-12- май күндөрү жааган жаандан улам сел жүрүп, ички көпүрөнү алып кеткени маалымдалган. Белгилүү болгондой Будалык айыл өкмөтү менен район борборун байланыштырган негизги жолго көчкү түшүп жол жабылып калган. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирген. 

13-майда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө барып, сел алып кеткен көпүрөнүн жана көчкү кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан. Ал ички көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берип, өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берүү тапшырмасын берген. 

Башкача айтканда, адамдар жана жол жарылган көрсөтүлгөн видео окутуу учурунда тартылган эмес. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы бир топ аймакта селдин кесепетинен үйлөр жана жолдор жабыркаган. 

Жыйынтык: Жол жарылып, адамдар чуркап жүргөн видео атайын окутуу учурунда эмес, Алай районундагу Будалык айылында тартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты