Жол кырсыгынан 6 адам каза болду
- 2 года мурун
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен 6 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Маалым болгондой, кырсык 19-ноябрда болгон. Кагылышуунун кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана 5 жүргүнчүсү каза болуп, дагы үч жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Кырсык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Муну бөлүшүү