Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы башкы инспектору кармалды

  • 11 месяцев мурун

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-августта Орусиянын жараны А.С, жеке айдоочулук мектебинин инструктору менен практикалык айдоо сабагы учурунда, башкы инспектор К.А. тарабынан опузалап акча талап кылынган.
Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптоо аркылуу, ошондой эле мүмкүнчүлүктөн ажыратам деп коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен, К.А.К. жабырланучуудан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.
24-августта Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренесинин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда пара катары 10 миң сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайра кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А. кармалды жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.
Тергөө иштери жүрүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты