Жогорку соттун төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылууда

  • 4 дня мурун

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызмат ордунан кетүү тууралуу арыз жазганын «АКИпресс» жана «Азаттык» өздүк булактарына таянып билдиришти.

«Азаттык» аты аталбаган булактарга шилтеме жасап, «анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, жаңы талапкер сунуштала турганын» жазды.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы дайындалган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты