Жогорку соттун төрагасы Базарбековду кызматтан бошотууга парламент макулдук берди

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды. Парламент Жогорку соттун төрагасы Базарбековдун кызматтан бошотуу тууралуу президенттин сунушуна макулдук берди.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Замирбек Базарбековду арызынын негизинде кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушун киргизди.

Буга чейин Жогорку сот төрагасы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылган.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты