Жогорку соттун төрагалыгына 2013-жылы Жапаров, Ташиев жана Мамытовду актаган сот келиши мүмкүн экендиги айтылууда

  • 1 день мурун

Жогорку соттун төрагалыгы кызмат ордуна Медербек Сатыев келиши мүмкүн. Бул тууралуу Kaktus.media анонимдүү булактарына таянып, жазып чыкты.

«2013-жылы Медербек Сатыев ал учурда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган ЖКнын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын курамында болгон. Жыйынтыгында Медербек Сатыев «кылмыш ишин кароодо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы үчүн» кызматынан бошотулган»,-деп айтылат Kaktus.mediaнын маалыматында.

Медербек Сатыев 2020-жылдан 2021-жылдын 7-майына чейин Президенттин аппаратынын жетекчиси 1-орун басары, андан кийин Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.
2021-жылы Президенттин администрациясынын Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө, 2022-2023-жылдары Кыргызстандын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору кызматында иштеген. 2024-жылдын 10-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеп жатат.

Ал 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси боюнча 43-орун менен депутаттыкка ат салышкан.

Kaktus.media ошондой эле аталган кызмат ордунун дагы бир талапкери азыркы Жогорку соттун төрагасынын орун басары Камчыбеков Шерали экендигин билдирди.

«Камчыбеков 2019-жылы Садыр Жапаровго карата жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча кылмыш ишин караган. Анда адвокат Бактыбек Асамудинов Жапаровдун абактагы мөөнөтүн 11 жыл 6 айдан мыйзамга ылайык максималдуу мөөнөткө чейин кыскартуу өтүнүчү менен соттук коллегияга кайрылган»,-деп жазды Kaktus.media.

Эске салсак, Жогорку соттун төрагасы болуп иштеп келген Замирбек Базарбеков кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. Ал Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы дайындалган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты