Жогорку соттун пробацияга чыгаруу чечиминен кийин Олжобай Шакир абактан бошотулду

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 8-октябрда, жазуучу, публицист Олжобай Шакир тергөө абагынан эркиндикке чыгарылды. Жогорку сот бүгүн Олжобай Шакирге жаза мөөнөтүн үч жыл пробацияда өтөө чечими чыгарганы мурдараак белгилүү болгон.

Абактан бошотулгандан кийин Олжобай Шакир сот отурумуна барып тургандардын баарына ыраазылыгын билдирди.

Олжобай Шакирдин адвокаты Акмат Алагушев журналисттерге Жогорку сот кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 82-беренеси менен, үч жыл пробацияга чыгаруу чечимин кабыл алганын, ал эми беш жыл эркинен ажыратуу жазасы калып жаткандыгын билдирген.

“Ал үч жыл бою Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса, эч кандай чара колдонулбайт” деди адвокат Алагушев.

Активист Бурул Усманалы Олжобай Шакирге чыгарылган Жогорку соттун чечими боюнча журналисттерге мындай пикирин билдирди.     

-Менин оюм боюнча, толук акташ керек эле, анткени кылмыштын курамы жок бул жерде, Конституциянын чегинде болгон анын жарандык ойлору. Кылмыш жок болгондуктан толук акташы керек эле, бирок андай болбой, жарым-жартылай, бошотту, ага да аябай сүйүнүп жатабыз.

Үч жылдык пробация дейт, мен жеке адам катары, пробация менен чыгаруунун кыйтырлык жактарын көрөм, кайырмактан чыгарбай, эркиндикти кармап, бербей туруу.

Бирок түрмөдөн чыгаргандыгына  өтө сүйүнүп жатабыз, эл дагы, үй-бүлөсү дагы. Бирок Кыргызстандын Конституциясы толук иштеши керек, бул киши туура иш кылган, баш аламандыкка чакырган эмес. Эгер мыйзам толук иштей турган болсо, акталат эле,-деди Бурул Усманалы.

Бүгүн, 8-октябрда, Жогорку сотто жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин аппеляциялык арызы каралды. Олжобай Шакирге жаза мөөнөтүн үч жыл пробацияда өтөө чечими чыкты.

5-августта жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимине, ошондой эле аны күчүнө калтырган Чүй облусттук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталып, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон эле.

Сүрөт: RFE/RL Олжобай Шакир абактан чыгарылгандан кийин. 8-октябрь, 2024

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты