Жогорку сот төрагасы Базарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды

  • 1 месяц мурун

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органжарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырган кайрылуу жасады.   

Бул тууралалуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Базарбеков мындай деп билдирди:

“Менин сиздерге ачык кайрылуу жасоомдун себеби — укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлеринин күнөөсүздүк презумпциясын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы болду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат. Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүндө, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт” деп айтылат.

Ошону менен бирге тергөө органдары кылмыш далилденгендей жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүшөрүн билдирди:

“Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Тергөө органдары чоң кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды ЖМКларга шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүшөт. Мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготот. Судьяларга байланыштуу тергөө органдары  тараткан  маалымат  боюнча бир мисал келтирейин.  Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени, чуулгандуу пресс-релизден бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган” деп билдирди Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кайрылуусунда.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты