Жогорку Сот «Клооп медианы» жапты, чечимди CPJ айыптады

  • 3 недели мурун

16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу «Клооп медиа» 29-августта билдирди.

Ал эми эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CJP) Жогорку соттун бул чечимин айыптаган билдирүүнү 29-августта кечинде жарыялады.

Анда CJP уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Гүлноза Саид: «Эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон «Клооп» иликтөө басылмасын мажбурлап жабуу узак убакыт бою Борбордук Азиядагы басма сөз эркиндигинин чордону болуп эсептелип келген Кыргызстандын тарыхындагы уяттуу эпизод»,- деди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын бийлиги массалык маалымат каражаттарына каршы репрессиялык саясатын токтоосуз түрдө токтотуп, Kloop жана башка бардык көз карандысыз басылмалардын эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керектигин билдирген.

«Клооптун» негиздөөчүсү Ринат Тухватшин Жогорку Соттун чечимин «күтүлгөндөй» деп атады. Ал «соттун чечимине карабастан, Kloop ишин улантып, «эң терең иликтөөлөрдү, эң салмактуу жаңылыктарды жана эң курч рубрикаларды чыгарат» деп билдирди.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты