Жогорку Сот “Чет элдик өкүл” мыйзам аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт

  • 9 месяцев мурун

Жогору соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова «Чет элдик өкүл” мыйзам аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан “Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угууда билдирди.

«Жогорку Сот сунушталып жаткан мыйзам долбоору концепциясына каршы эмес, бирок ошол эле учурда Кылмыш-жаза кодексин толуктоо тууралуу норманы алып салууну сунуштайбыз. Анткени сунушталып жаткан беренеде юридикалык аныктык принциби сакталбагандыгы байкалат. Мындай жагдай укуктук ар кандай чечмелөөгө, аны өзүм билемдик менен кыянат колдонууга, жазык мыйзамдарынын жалпы жана конституциялык принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн деп белгилегенбиз. “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деген пикир билдиргенбиз», — деди Маргарита Сапиянова.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева дагы пикирин билдирип, Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы жок деген позицияны айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты