Жогорку Сот Бишкектин борборунда митингдерге тыюу салган чечимди күчүндө калтырды

  • 2 недели мурун

Жогорку Сот Бишкектин борборунда митингдерге тыюу салган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» билдирди.

Ал Жогорку Сот борбордо тынч жыйындарга тыюу салуу боюнча буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соту чыгарган токтомдорду күчүндө калтырганын айтты.

Эске салсак, Биринчи Май районунун аймагындагы президенттик администрациянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбак жана Иван Панфилов атындагы парктын жанында митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага чогулса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты