Жогорку сот «Алматы аэропортун басып алуу» ишиндеги адвокаттарды лицензиясынан ажыратуу токтомун жокко чыгарды

Казакстандын Жогорку соту Январь окуясы учурунда «Алматы аэропортун басып алуу» ишиндеги адвокаттарды лицензиясынан ажыратуу тууралуу токтомду жокко чыгарды.

Бул тууралуу аталган иш боюнча соттолгон Айгерим Тилеужанованын адвокаты Айнара Айдарханова билдирди.

Анын айтымында, кеп «аэропортту басып алуу» иши боюнча айыпталгандардын кызыкчылыгын коргогон беш адвокат жөнүндө болууда.

2023-жылы күзүндө «аэропортту басып алуу» иши каралып жатканда судья адвокаттарды сот отурумун ачык үзгүлтүккө учуратууга айыптап, аларды адвокаттык лицензиясынан ажыратуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Былтыр июль айында сот бул иш боюнча айыпталган Айгерим Тилеужанованы 4 жылга, Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовдун ар бирин 8 жылдан эрктеринен ажыраткан. Сотто алардын баары тагылган айыптарды четке кагышкан. Быйыл июль айында Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Анда Тилеужанованын адвокаты чечим боюнча эл аралык уюмдарга, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыла турганын билдирген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты