Жогорку сот Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди

  • 2 года мурун

Жогорку сот «Коррупция» беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан «Дастан» трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.

Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сотунун 2015-жылы 19-марттагы чечими менен райондук соттун айыптоо өкүмү өзгөртүлүп, он миң сом айып салынган. Айып пул 2015-жылы 25-августта төлөнгөн. Жогорку сот 2021-жылы 26-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2015-жылы 19-марттагы чечими күчүндө калтырылган.

Кылмыш кодексинин 76-беренесине ылайык, түрмөгө кесилбеген жеңил жаза менен соттолгон адамдардын соттуулугу бир жылдын ичинде жоюлат.

Алексей Ширшовго козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча чечим 2018-жылы чыккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылы 9-октябрдагы өкүмү менен Алексей Ширшовду Кылмыш кодексинин 309-беренесинин негизинде беш эпизод боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Октябрь райондук сотунун чечими 2019-жылы 17-майда жана 18-ноябрда шаардык жана Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган адам соттолгон деп эсептелбейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты