Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV этабы башталды

  • 2 года мурун

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январда жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталган.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 28-январы саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты